Баткен облусунда 24 жаштагы аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү


Каза болгон келиндин артында үч кичинекей баласы калды.

Маркумдун жакындарынын айтымында, аны ырайымсыздык менен сабап, балталап өлтүрүп, андан соң сөөгүн көлгө ыргытып жиберишкен.

Ички иштер органдары кылмыштын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат бере элек, бирок 31-октябрда аялдын сөөгү ооруканага жеткирилгенин ырасташты.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Киши өлтүрүүгө шектүү катары маркумдун күйөөсү кармалып, камакка алынды.