Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылына караштуу «Панорама» дача тилкесинде тоо этегинен кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрда саат 10:27 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө тоо этегинде адамдын сөөгү жатканы тууралуу кабар келип түшкөн. Жерине барган ыкчам-тергөө тобу маалыматты тастыктаган.
Алдын ала билдирүүгө караганда, сөөктү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары табышкан. Окуя болгон жерди кароо маалында жаран болжол менен 300 метрдей бийиктиктен кулап түшкөнү аныкталды. Тоо боорундагы тебеленген чөп жана кулаган издер буга далил болуп турат. Сөөк ал жерде 10 күндөн ашык убакыт жатканы болжолдонууда.
Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, маркумдун денеси өлүкканага жеткирилди.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө көз жумган адам буга чейин дайынсыз катары изделип жатканы маалым болду. Ал 2026-жылдын 9-октябрында борбор калаанын Салкын көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын жоголгону тууралуу жакындары 10-октябрда милицияга арыз менен кайрылып, издөө иштери жүрүп жаткан.

