Бүгүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми башка аймактарда асман ачык болот. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көлдө +9…+14, Нарын аймагында +8…+13 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +17…+19, Ош шаарында +19…+21 градусту көрсөтөт.

