Грузия парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди


Грузиянын парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Ардактуу конокту «Манас» эл аралык аба майданынан төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Грузиянын парламентинин төрагасы расмий сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.