Бишкектеги кафеде мушташ чыкты


Бишкектеги кафелердин биринде мушташ чыгаргандар кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Окуя 1-ноябрдын түнүндө «Скай Баку» кафесинде болгон. Жерине милиция кызматкерлери барып, мушташка кардарлардын ортосундагы жаңжал себеп болгонун аныкташкан.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында майда бейбаштык беренеси боюнча протокол түзүлүп, шектүүлөр Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо камерасына киргизилди.