Кыргызстанда учурда 50гө жакын чакан гидроэлектр станциясынын курулушу активдүү жүрүп, 30га жакыны пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Жашыл энергетика фондунун” директору Эмилбек Орозбаев “Кабар” агенттигине “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, бул долбоорлорго салынган инвестициялардын 90 пайызы ички инвесторлорго таандык.
“Өлкөдө күн энергетикасын өнүктүрүү багытында дагы бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алсак, былтыр декабрь айында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 МВт болгон алгачкы күн электр станциясы ишке киргизилген.
Мындан тышкары, быйыл Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында вьетнамдык “Рокс” компаниясы тарабынан курулган күн станциясынын биринчи фазасы аяктап, кубаттуулугу 175 МВтка жетти. Учурда экинчи фазасынын курулушу уланууда”, -деди Орозбаев.
Ошондой эле өлкөнүн 35 жылдыгына карата Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 100 МВтты түзгөн дагы бир күн электр станциясынын биринчи фазасы ишке киргизилгенин маалымдады.
Мындан тышкары, жыл аягына чейин Нарын облусунда кубаттуулугу 20 МВт болгон күн электр станциясын ишке киргизүү пландалууда. Ал эми Нарын облусунун Кочкор районундагы Орток айылында кубаттуулугу 250 МВт болгон күн станциясынын курулушу жүрүп жатат. Анын биринчи фазасын 2027-жылдын май айында ишке берүү каралган.
Фонддун директору белгилегендей, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү үчүн мыйзамдарга да өзгөртүүлөр киргизилген. Атап айтканда, мурда белгиленген 4 сом 42 тыйындык тариф эми жогорку чек катары каралып, инвесторлор андан төмөн бааны сунуштай алышат. Жер участогу электр энергиясын өндүрүү боюнча эң төмөнкү тарифти сунуштаган инвесторго ижарага берилет.
Ошондой эле фонддун директору инвесторлорго жер участоктору сатылбай турганын, бир гана ижарага берилерин белгиледи.
“Чакан ГЭСтерди куруу үчүн жер 15 жылга, ал эми күн жана шамал электр станциялары үчүн 25 жылга чейин ижарага берилет. Жерди ижарага берүүдөн түшкөн каражат республикалык бюджетке түшөт.
Мындан тышкары, кайсы аймакта болбосун, ишке киргизилген энергетикалык объект өндүргөн электр энергиясынан түшкөн пайданын 1 пайызы жергиликтүү бюджетке которулуп турат”, -деди фонддун директору.
Орозбаев Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары тармагына инвестиция тартуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

