«Кыргызстан улуттук электр тармактарынын» жетекчиси кызматтан бошотулду


Илгиз Сыдыгалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору кызматынан бошотулду. Мындай чечимди 2-ноябрда компаниянын директорлор кеңеши кабыл алды.

Ошондой эле кеңештин чечими менен Искандер Абдиев башкы директордун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары кызматынан  бошотулду. Анын ордуна Гүлжигит Мурзакаримов дайындалды.

Илгиз Сыдыгалиев «КУЭТ» ААКтын башкы директору кызматын 2025-жылдын 26-августунан бери ээлеп келген.