Президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн «Түндүк» аркылуу кол коюуга болот


Президенттик шайлоого катышууну көздөгөн талапкерлерге «Түндүк» тиркемеси аркылуу кол топтоого болот. Бул тууралуу БШКнын шайлоону уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди.
Анын айтымында, бир жаран кааласа бир нече талапкерди колдоп, кол кое алат. Бирок берилген кол тамганы кийин жокко чыгаруу мүмкүн болбойт.
Президенттикке талапкер болууну каалагандар кеминде 30 миң жарандын колун чогултушу керек.
Кол тамгаларды чогултуу 8-декабрда аяктайт.