Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйынында Ош шаарынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары каралды. Аудиттин жыйынтыгында Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча талаптагыдай түзүлгөн жана бекитилген жыйынды баланстын жоктугуна байланыштуу, мэриянын 2025-жыл үчүн финансылык отчеттуулугунун толуктугу жана аныктыгы жөнүндө аудитордук пикир билдирүү мүмкүн болгон жок.
Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык мекемелеринин ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда бюджеттик каражаттарды пайдаланууда, муниципалдык мүлктү башкарууда, бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө, финансылык отчеттуулукту түзүүдө жана мамлекеттик сатып алууларда бир катар мыйзам бузуулар жана кемчиликтер ачыкталды. Ошондой эле турак жайларды жана коммерциялык объекттерди бузууга, жер тилкелерин алып коюуга байланыштуу компенсацияларды эсептөө жана төлөө маселелеринде кемчиликтер аныкталып, базарлардын жана соода объекттеринин жабылышы салыктык кирешелердин кыскаруу тобокелдигин жараткан.

Аудит боюнча Ош шаарынын бюджетинин кирешеси 6,3 млрд сомго көбөйгөнү менен, бул өсүштүн дээрлик 95 пайызы, тактап айтканда 6,0 млрд сому республикалык бюджеттин эсебинен камсыздалган. Жергиликтүү бийликте чечимдердин бир адам тарабынан жеке кабыл алынышы жана аткаруучу менен өкүлчүлүк органдардын функцияларынын тебелениши шаардын макроэкономикалык абалын жакшырткан эмес, тескерисинче алсыраткан. Бул жагдайлар салык базасынын кыскарышына, соодагерлерге кредиттик басымдын күчөшүнө жана объекттерди ыкчам тартипте буздуруунун натыйжасында мамлекет тарабынан 11,5 млрд сомдон ашык компенсациялык төлөмдөрдү төлөө зарылдыгына алып келген.
Курулуш тармагында эч кандай мыйзамдуу документтери жок, мурунку мэрдин куру протоколдук тапшырмасы менен гана наркы 3,6 млрд сомдук курулуштар башталган. Бул жоопкерчиликсиз аракеттердин айынан подрядчылардын алдында 2,5 млрд сомдон ашык кредитордук карыз чогулуп, каржылоо булагы аныкталбаган 3,0 млрд сомдон ашкан бүтпөгөн курулуш объекттери топтолуп калган.
Аудиттин жыйынтыктары боюнча муниципалдык мүлктүн жетишсиздиги жана миллиарддаган каражаттарды мыйзамсыз ээлеп алуу тобокелдиктери боюнча даярдалган маалыматтар укук коргоо органдарына жөнөтүлмөкчү. Ошондой эле текшерүүнүн бардык материалдары укуктук баа берүү жана кылмыштуу аракеттерге бөгөт коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилүүдө.


