Бишкекте өзүн Башкы прокуратуранын кызматкери катары тааныштырып, бир кишиден 21 миң доллар алууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, буга чейин да бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган 38 жаштагы аял ар кандай кызматтарды көрсөтүп берүүнү убада кылып, акча алган деп шектелүүдө.
Ал бирөөнүн кызын Кембридж университетине окууга өткөрмөкчү болуп, 21 миң доллар алган. Мындан тышкары, мейманкана бизнесин ачканга көмөктөшүүнү, Түркияга арзан жолдомо таап берүүнү, батир алып берүүнү убада кылган. Анысы аз келгенип, пара алып жаткан жеринен кармалып калганын айтып, дагы карыз сураган.
Аял абакта отургандар менен жолугушуу уюштурууну убада кылып, ар кимден акча алып жүргөн деп дагы шектелүүдө. Тинтүү учурунда анын үйүнөн прокуратура полковнигинин формасы табылган.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

