Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «Чаарат ЗААВ» жабык акционердик коомунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын учурдагы инвестициялык ишмердүүлүгү, долбоордун ишке ашырылышы жана мындан аркы кызматташтыктын багыттары талкууланды.

Компаниянын өкүлдөрү долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү, менчик түзүмүндөгү өзгөрүүлөр, инвестициялык милдеттенмелердин аткарылышы жана келечектеги өнүгүү пландары тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Ошондой эле стабилдештирүү режими жөнүндө колдонуудагы макулдашууга жана анын мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу маселелер каралды. Улуттук агенттик бул маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте карап чыгат.

«Биз үчүн инвестициялык долбоорлор өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө гана эмес, аймактарга жана жергиликтүү тургундарга да реалдуу пайда алып келиши маанилүү. Инвесторлордун долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруусуна, жаңы жумуш орундарын түзүүсүнө, өндүрүштү өнүктүрүүсүнө жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуусуна кызыкдарбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Жолугушууда компаниянын социалдык жоопкерчилиги жана Чаткал районунун жергиликтүү калкы менен өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер да талкууланды. Компания жергиликтүү коомчулукту колдоп, социалдык мааниге ээ демилгелерди ишке ашырууга катышып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жатканы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантууга жана инвестициялык долбоорду туруктуу ишке ашыруу максатында ачык диалогду сактоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

