Академик Жамин Акималиев дүйнөдөн кайтты


Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Маркум көп жыл бою илимде, педагогика жана коомдук иштерде жүрүп, айыл чарбасынын өнүгүшүнө зор салым кошкону белгиленген. Илимден тышкары анын чыгармачылык мурасы, обондуу ырлары өзүнчө казына.

Акималиев 1936-жылы Нарындын Ак-Талаасында туулган.