Бишкекте ар дем алыш сайын азык-түлүк жарманкелери өтөт


Борбор калаада 2027-жылдын июнь айына чейин азык-түлүк жарманкелери үзгүлтүксүз уюштурулат. Шаар тургундары эт, сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди жана башка товарларды ортомчуларсыз, түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып ала алышат.

Биринчи май районунда жарманкелер 7-ноябрдан тартып Т. Усубалиев атындагы аянтта ар ишемби жана жекшемби күндөрү өтөт. Ленин районунда соода 6-ноябрда Жал кичи районундагы Минжилкиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде башталат. Бул жерде жарманкелер ар жума, ишемби жана жекшемби күндөрү уюштурулат.