УКМКнын аскер бөлүгүндө жаш жоокерлер ант берип, офицерлик наамдар ыйгарылды


Аскер бөлүгүндө «2026-Күз» чакыруусундагы мөөнөттүү аскер кызматтын жоокерлеринин Аскердик ант берүү жана запастагы офицерлерге «лейтенант» деген алгачкы аскердик наамды ыйгаруу аземи болуп өттү.

2026-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскер бөлүгүндө «2026-жылдын күзгү» чакырылышынын бардык жаш аскер кызматкерлеринин аскердик антын кабыл алуу жана жогорку билимге ээ, запастагы офицерлерди даярдоо курстарынан ийгиликтүү өткөн мөөнөттүү аскер кызматчыларына «лейтенант» деген запастагы офицердин алгачкы аскердик наамын ыйгаруу аземи болуп өттү.
Иш-чарага КР УКМКнын жетекчилиги, УКМК Академиясынын өкүлдөрү, кызматкерлери, курсанттары жана чакырылган коноктор катышты.
Иш-чаранын алкагында мөөнөттүү аскер кызматчылары кол күрөш ыкмалары жана күжүрмөн куралды колдонуу ыкмалары боюнча көрсөтмөлүү өнөрлөрүн тартуулашты.