Өлкөнүн расмий гезити “Эркин-Тоо” — 35 жашта


Улуттук тарых музейинде “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 35 жылдыгы белгиленүүдө.

Салтанаттуу иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, студенттер, гезиттин жамааты катышууда.

Ачылыш азем гезит жөнүндөгү видео ролик менен башталып, министр Мирбек Мамбеталиевдин куттуктоосу менен уланды.

Ал өз сөзүндө басылманын өлкөнүн тарыхындагы ордун белгилеп кетти.

“Эгемендүү Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде өзүнчө орду бар “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 35 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Басылма 35 жылдан бери өлкөнүн тарыхый чечимдерин чагылдырып, мыйзамдарды расмий жарыялоо аркылуу мамлекет менен коомдун ортосундагы маанилүү маалыматтык көпүрө болуп келүүдө.

Ушул жооптуу миссияны аткарып келе жаткан гезиттин жамаатына, ардагер журналисттерге жана жалпы медиа өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирем”,-деди ал.

Министр ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн 7-ноябрь кесиптик майрамы менен куттуктап, кыргыз басма сөзүн — улуттук аң-сезимдин калыптанышына, мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемделишине жана коомдун өнүгүшүнө зор салым кошкон маанилүү тармак деп белгиледи.

“Журналистика — коомдун коомдук пикирди калыптандырган, эл менен бийликтин ортосундагы байланышты чындаган жооптуу кесип”, — деди министр.

Белгилей кетсек, “Эркин-Тоо” гезити өлкөнүн эгемендүүлүгү менен кошо жаралган. Атап айтканда 1991-жылдын 3-июлунан тарта жарык көрө баштаган. Ага токтомдор, ченемдик-укуктук актылар жана башка расмий документтер басылып келет.