Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +15…+20, Талас өрөөнүндө +13…+18, Ысык-Көл облусунда +11…+16, Нарын чөлкөмүндө +9…+14 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +17…+19 градусту көрсөтөт.

