Абактагы Кунакуновго уулунун тажыясына катышууга уруксат берилди

Screenshot

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Максат Кунакуновго уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Максат Кунакуновдун ишин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тергеп жатканын кабарлады.

7-ноябрдан бери Чүй облусунун Ала-Арча капчыгайында изделип жаткан 14 жаштагы Амир Кунакуновдун сөөгү 9-ноябрда табылды.

Жакындарынын айтымында, Амир Кунакунов 7-ноябрда эртең мененки саат 7лер чамасында Ала-Арчада чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн үйдөн чыккан. Уюштуруучулар анын жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырбай коюп, ал Адыгене капчыгайы тарапка басып кеткени айтылган.

Кечке жуук ал өзү ӨКМге чалып, адашып кеткенин кабарлаган. Андан кийин байланыш үзүлгөн.