Базар-Коргондо жаңы скважина ишке берилди


Базар-Коргон районунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу ресурстары кызматы тарабынан капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жалпы 7 скважинаны ишке киргизүү пландалууда.

Учурда Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ай участогунда жаңы скважинадан сыноо иретинде суу чыгарылды.

Аткарылып жаткан иштер аймактагы сугат суу маселесин чечүүгө, дыйкандарды суу менен камсыздоону жакшыртууга жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.