Кыргызстанда «Минск трактор заводунун» атайын техникаларын чогултуу жана өндүрүүчү заводун куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Кечээ өкмөт төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Беларуска иш сапар менен барып, өнөр жай ишканаларын кыдырган.
Алгач беларустар кыргызстандык делегацияга Минск трактор заводунун ишин көрсөттү.
«Тараптар Кыргызстанда «Минск трактор заводунун» атайын техникаларын чогултуу жана чыгаруу боюнча завод куруу маселесин талкуулады», — деп маалыматта жазылат.
Мындан тышкары, «Белнефтехим» мамлекеттик концернинде продукция жеткирүү маселеси, «Ждановичи» агрокомбинатында Кыргызстан менен жашылча жана сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашуу маселеси каралды.
«Минск трактор заводу» — КМШда жана дүйнөдө айыл чарба техникасын өндүрүү боюнча эң ири ишканалардын бири.

