Кыргызстанда президенттикке талапкер катары катталуу үчүн шайлоочулардын кеминде 30 миң колун топтоо зарыл. БШК талапкерлерди электрондук түрдө же кагаз жүзүндөгү кол топтоо баракчалары аркылуу колдоого болорун эскертти.
Электрондук колдор «Түндүк» порталындагы «Кол топтоо» системасы аркылуу чогултулат. Талапкерлердин өкүлдөрү топтолгон колдордун санын көзөмөлдөп, кол топтоо баракчаларын түзүп жана талапкерди колдогон шайлоочулар тууралуу маалыматтарды көрө алышат.

