Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +3…+8, Талас аймагында +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көл жергесинде +1…+6 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -2…+3 градуска чейин жылыйт.
Күндүн табы борбор калаада +6…+8 градуска көтөрүлүп, күндүн биринчи бөлүгү жаандуу болсо, түштөн кийин ала булут каптап турат. Ош калаасында жаан-чачын күтүлбөйт, +8…+10 градуска чейин жылуу болору болжолдонду.

