Мурдагы өзүмдүн кыялымда чийип алган бакытты аяш атам бере алды. Таң калбаңыз, бул чындык.
Ата-энем мен тааныган аябай жакшы адамдар, барымды колума, жогумду жолума төшөп берип, эрке кыз кылып чоңойтушту. Эрке болуп калдым дебей, жашоомдо өз ордумду таап, билимге көбүрөөк көңүл бөлдүм. Ошентип жүрүп карасам, артымда 29 жылды жашап коюптурмун, ал учурда көптөгөн жигиттер сөз айтып, турмушка чакырып жатышты. Ата-энем болсо “Наргиза, турмушка чык, бала төрө, жашың өтүп бара жатат” деп калышчу.
Мына ушундай күндөрдүн биринде Урматка жолуктум. Сүйдүмбү же жөн гана көнүп калуубу түшүнө албадым, мына үйлөнөлү деп жатканда көзүмө чөп салганын, мени аттап кеткенин билдим.
Чынын айтсам аябай кыйналдым, өзүмдү жеп, көз жашымды тыя албай жүрдүм. Ошол күндөрү мага атамдын жан досу Сыргак аяш атам ар кандай белектерин берип, көңүлүмдү карап жатты. Атамдарга болсо “кыздын шагы сынбасын, Наргиза азыр аябай оор мезгилди өткөрүп жатат” деп ынандырды. Ага макул болгон атамдар мени аяш атам, аяш апамдар менен чогуу эс алууга Көлгө жөнөтүп жиберишти. Мына ошол жерден мен өзүмдүн махабатым Сыргак аяш атам экенин түшүндүм, аяш апамдан жашырынып, билгизбей өзүнчө кетип калчу болдук.
Көлдөн башкача Наргиза болуп кайттым, баягы бетимдеги муңайым бырыш кетип, көздөрүм жайнап турганын өзүм да байкадым.
Ата-энем менин куунак жүргөнүмө сүйүнүшүп, мурдагыдай мени менен көп алпурушпай калды. Ал арада сиңдим турмушка чыкмай болуп, үйдөгүлөрдүн баары тойго камданып алаксып кетишти..
Ошол кезде Сыргак аяш атам экөөбүз Түркияга эс алууга барып келмей болдук, ата-энеме болсо жумуштар боюнча барышым керек болуп жатканын айттым.
Ошентип, Анталияда жашоомдогу эң бактылуу күндөрүмдү өткөрүп жүрдүм, мен ошондо аяш атамды чындап сүйүп калганымды байкадым.
Бишкекке келдик, эч ким эч нерсени байкаган жок, ошого кубанып отуруп калдым.
Бир күнү аяш атам мага өзүнчө батирге чыгышымды сунуш кылды, мен ойлонбостон макул болдум. Атам менен апама айтсам, так кесе жооп берип, макулдугун бербей коюшту. Бирок мен да көгөрүп айтканымдан кайтпай туруп алдым, акыры макул кылдырдым.
Бишкектин чок ортосунан батирге чыгып, аяш атам менен ээн-эркин жолугушуп баштаганыма кубанып жашап жүрдүм. Ошол маалда кош бойлуу болуп калганымды билдим.
Буга чейин ашыкча жүк, жеңил жашоо менен жүргөн мен үчүн бул жаңылык күтүүсүз болду, ошентсе да сүйүктүүм экөөбүздүн балабыз болот деген ичимдеги жылуу сезим ороп алды.
Эртеси аяш атам келгенде боюмда бар экенин кабарладым, анын да жүзүнөн кубанычты байкадым. Ал дароо эле турмушка чыгуумду суранды, бирок “аяш апам эмне болот” – деген суроомо, “аны менен да жашай берем, болгону сен экинчи сүйүктүү аялым болосуң” – деди.
Мен аяш атамдын сунушуна да макул болдум, болгону атам менен апамдын жүздөрүн кантип карап, аларга бул окуяны кантип түшундүрүп берем..?
Көп жылдан бери мага колдоосун көрсөтүп келген аяш апама кантип карайм, эмне деп актанам?
Кеңеш бергилечи, бул туңгуюктан кантип чыксам болот?
Автор: Асель Жаныбекова
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.

