17-ноябрга карата аба ырайы


Бүгүн республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12…+17, Талас аймагында +8…+13, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарын өрөөнүндө +3…+8 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +10…+12, Ош шаарында +15…+17 градуска чамалап барат.