Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат


2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан боюнча желим (полиэтилен) баштыктарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга тыюу салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары менен жолугушууда эскертти.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Ысык-Көл облусунда полиэтилен баштыктарына тыюу салуу 2023-жылы пилоттук негизде киргизилген. Эми бул чектөө 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн бардык аймагында күчүнө кирет.

Бул чара полиэтилен баштыктарын пайдаланууну азайтууга жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.