Бишкек шаарына дагы 1500 автобус жетишпейт


Бишкек шаарына эл ташыганга дагы 1500 автобус жетишпейт. Бул тууралуу Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин кеңейтилген отурумунда айтты.

Мэрдин сөзү боюнча, ушул тапта борбор калаада 1631 автобус шаардыктарды тейлеп жатат. Айбек Жунушалиев мындан тышкары Бишкекке тар көчөлөрдө жүргөнгө ыңгайлуу 620дан ашык автобус керек экенин, аны сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 500 млн сом бөлүнгөнүн жана 2027-жылдын 20-январына чейин алардын 65и алынып келерин кошумчалады.