18-ноябрга карата аба ырайы


Бүгүн өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +11…+16, Талас облусунда +8…+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12…+17, Ысык-Көл өрөөнүндө +6…+11, Нарын чөлкөмүндө +5…+10 градус болот.
Термометр Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +15…+17 градусту көрсөтөт.