Туманбаев Кара-Суу базарындагы төлөмдөр өзгөрбөй турганын билдирди


Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Кара-Суу шаарына барып, нааразылыкка чыккан соодагерлер менен жолугуп, соодагерлер төлөөчү төлөмдөр өзгөрбөй турганын билдирди.

Ал ижара акысы мурдагы бойдон каларын, ошондой эле соодагерлерге контейнерлерин сатууга, ижарага жана субарендага берүүгө уруксат берилерин айтты.

Бүгүн, 18-ноябрда Кара-Суу шаарындагы «Туратали» базарынын соодагерлери соода орундары үчүн ижара акысынын кымбатташына нааразылыгын билдирип нааразычылык акциясына чыгышты.