Бишкекте төкмө акындардын айтышы өтөт


Бишкекте 26-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Республикалык «Айтыш» коомдук фондунун 25 жылдыгына, залкар төкмө акындар Эшмамбет Байсейит уулунун 160 жана Казыбек Мамбетимин уулунун 125 жылдыгына арналат.

Анда акындар сөз тапкычтыгын, чыгармачылык дараметин жана төкмөлүк өнөрүн сынашат.

Ал эми айтыштын тандоо туру 20-ноябрда саат 12:00дө Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде өтөт.

Иш-чаранын байге фонду 1 млн 500 миң сомду түзөт. Башкы демөөрчүсү — жеке ишкер Нурбек Кеңешов.

Айтыш улуттук төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүү, анын мурастарын даңазалоо жана таланттуу акындарды колдоо максатында уюштурулууда.