Баатыр энелерге 5 миң сомдон кошумча төлөнөт


2027-жылдын 1-январынан тарта «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошулуучу ай сайынкы төлөм 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.

Парламент тиешелүү мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Камила Талиева кошумча төлөмдүн өлчөмү 2011-жылдан бери өзгөртүлбөгөнүн белгиледи. Анын айтымында, азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга жана дары-дармектерге болгон баанын өсүшүнө байланыштуу азыркы 1 миң сомдук төлөмдүн колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү төмөндөгөн.

Жаңы өлчөмдөгү төлөмдү 30 миң 609 эне ала баштайт. Бул максатта 2027-жылдын бюджетинде 1,5 млрд сомго жакын каражат каралган.

Белгилей кетсек, тиешелүү жарлыкка президент буга чейин кол койгон.