25-ноябрга карата аба ырайы


Бүгүн Ысык-Көл, Нарын региондорунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас региондорунда +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көлдө +6…+11, Нарын жергесинде +5…+10 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +16…+18, Ошто +19…+21 градуска жетет. Түнкүсүн Бишкекте жамгыр жаайт.