Бостериде пансионаттын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды


Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы Uno-City пансионатынын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, адистер Мамытов көчөсү, 125/1 дарегиндеги объектке пландан тышкары текшерүү жүргүзгөн.

Анын жүрүшүндө курулуш иштери бекитилген долбоордон четтөө менен жүргүзүлүп жатканы, ошондой эле пансионаттын аймагында долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок байкоо аянтчасы курулганы аныкталган.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча подряддык уюмга эскертүү берилип, административдик протокол түзүлгөн. Подряддык уюмга 200 миң сом айып салынды.