Чүй облусунун Кегети капчыгайындагы Көл-Төр көлүнүн муз үстүнө чыгуу, муз тебүү жана сүрөткө түшүү адам өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, кыш мезгилинде көл өзгөчө кооз көрүнгөнү менен, анын үстүндөгү муз бекем көрүнгөнүнө карабастан, адамдын салмагын көтөрөрүнө кепилдик жок. Муз күтүүсүздөн жарылып, адам сууга түшүп кетиши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Атап айтканда, балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана муз үстүнө чыгарбоо, тоого жалгыз барбоо сунушталат.
Ошондой эле сапарга чыгар алдында жакындарына бара турган багытын билдирип, байланыш каражаттарын ала жүрүү зарыл.
ӨКМ эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо ар бир адамдын өз жоопкерчилиги экенин эскертет.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номерине чалуу керек.

