Мамлекеттик кадр кызматы өлкөдөгү акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейткенден кийин көпчүлүк акимдерди ротациялоо жарлыгы да жакшы натыйжа бере баштады.
Мурда Баткендин Кадамжай районунда аким болуп, кийин 2021-жылы Таластын Бакай-Ата районуна ротацияланган Алгынбай Имаровдун жетекчилиги алдында айыл аймактарда кыйла жылыштар пайда болуп жатканын байкоого болот.
Башка облустан которулуп барган адис үчүн башында иш баштоо кыйынга турса да, бул ишти алып кете аларына көзү жетип, Алгынбай Имаров райондун ар кайсы тармагына көңүл буруп, жергиликтүү калктын жетишпеген көйгөйлөрүн чечүү үчүн жан далбастап жатканы турган иш. Акимдер үчүн бюджеттин чектелүү болгону да маселе жаратат, ошентсе да Бакай-Ата районунда көптөгөн иштер бүткөрүлүүдө.
Алсак;
- Кызыл-Жар жана Жалпак-Тил каналынын реконструкциялоо иштери бүтүп, ачылыш аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

- Таш майдалоочу завод ачылып, ишке берилди.

- Э.Капалов орто мектеби капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңы окуу жылын окуучулар жаңы мектепте баштады.

- Жаңы техникаларды алуу менен ички ирригация тармактарын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

- Д.Батырбашиев орто мектебинин ачылып, ишке берилди.

- Кашка-Жол орто мектебинин ачылыш аземи болуп, ага да жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

- Жаңы ФАПтар ачылды

- Президенттин “Жашыл мурас” улуттук кампанияны колдоо максатында жыл сайын бак-дарактар тигилип, экологияга салым кошулууда

- Билим берүү тармагында көптөгөн жыйындар өткөрүлүп, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу иши жүрүүдө.

Ошондой эле райондогу жетишпеген маселелер каралып, карапайым калк менен жолугушуулар уюштурулуп келет.

Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алгынбай Имаров бул жумуштар менен чектелип калбай, алдыда дагы жасалчу көптөгөн иштери бар экенин баса белгилеп, райондогу жакшы жакка болгон өзгөрүүлөр дагы да улаанарын билдирди.
Ал ошондой эле ротациялоо жарлыгы туура кадам болгонун, муну менен өлкөдө трайбализм маселеси жоголот деген ишенимде экенин кошумчалады.

