Тимур Мадяров Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды


Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
47 жаштагы Мадяров 2022-жылдан бери президенттин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп келген.
КМУнун юридикалык факультетин аяктап, кийин Россиянын президенттик академиясында «мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча билим алган. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.