Кечээ, 12-мартта Көк бөрү федерациясынын кезексиз чукул жыйыны өтүп, Нооруз турнири учурундагы “Бөрүлү” жана “Бүркүт” командалары ортосундагы оюн талкууга алынып, андагы кырсык коштолгон окуяга токтолушту.
Көк бөрү федерациясынын башкармалык мүчөлөрүнүн жыйынында федерациянын президенти Рамис Жунусалиев өлүм коштолгон окуя көк бөрү тарыхындагы кара күн болгонун айтып өттү. Ал окуяга байланыштуу окмөткө караштуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Мирлан Сражидиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктаганга чейин турнирди токтотуп турууну буйрук кылганын белгилеп өттү.
«Ошону менен 13-14-март Көк бөрү федерациясында аза күтүү күнү деп жарыяланып, ал эми Нооруз турнирин 15-март күнү жандантуу чечими Башкармалык мүчөлөрү тарабынан бир добуш менен колдоого алынды»,- деп айтылат маалыматта.
Дирекциянын быйылкы жобосуна ылайык, көкбөрү оюндары 12-мартта башталып, 21-март Нооруз майрамына карата жыйынтыкталмак.