Орусиянын кара тизмесинде Кыргызстандын 73 миң 492 жараны бар


Соңку маалымат менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу бөлүштү.

Анын айтымында, алар аталган өлкөнүн аймагына киргенден кийин административдик укук бузгандар.

Белгиленгендей, Кыргызстандыктар кара тизмеде бар же жогун 1899 кыска номери аркылуу текшерип алса болот.