Бишкекте сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүчү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, «Көпөлөк» рейдинин жүрүшүндө милиция кызматкери Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде сойкукана катары жаткан батирди аныктаган.
Аталган факты каттоого алынып, 1997-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.