Лидерлер Россия менен АКШнын алакасын жакшыртуу зарыл экенин белгилешкен;
Россия 30 күндүк элдешүү демилгеси боюнча согуш болгон аймактардын бардыгында ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө маанилүү экенин билдирген;
Ошондой эле Россия убактылуу элдешүүдө Украина мажбурлап мобилизация жүргүзүүнү жана куралданууну токтотушу керектигин айткан;
Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн эксперттик топтору иш алып барууда;
Путин Трамптын Россия менен Украинанын энергетикалык инфраструктурасына чабуул коюуну 30 күнгө токтотуу идеясын колдоп, аскерлерге буйрук берген;
Путин Трампка Москва Киевге жарадар болуп Россияда дарыланып жаткан 23 украиналык аскерди өткөрүп бере турганын билдирген;
Лидерлер экономика жана энергетика тармагында бир катар идеяларды талкуулашкан;
Трамп Путиндин АКШ менен Россиянын хоккейчилеринин ортосунда мелдеш уюштуруу идеясын колдоду;
Президенттер байланышты улантууну макулдашкан.
Россия менен АКШнын мамилесинин келечеги “ири экономикалык келишимдерди” жана геосаясий стабилдүүлүктү камтыйт;
Лидерлер сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Украинада ок атууну токтотуу зарылдыгын белгилешти;
Путин менен Трамп Украинадагы абалды жөнгө салуу энергетика жана инфраструктурага чабуулдарды токтотуудан башталарын бирдей белгилешти;
Президенттер Кара деңиздеги элдешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү Жакынкы Чыгышта “тез арада” баштоону макулдашышты;
Лидерлер АКШ — Россиянын жөнгө салынган алакасынын келечеги кең экенине макул болушту;
Россия менен АКШнын мамилесинин келечеги “ири экономикалык келишимдерди” жана геосаясий стабилдүүлүктү камтый турганы айтылды;
Лидерлер стратегиялык куралдануунун жайылышын токтотууну талкуулашты;
Путин менен Трамп Иран эч качан Израилди жок кылып кое турган позицияда болбошу керек деген пикирге келишти.

