Ооз ачарга деп жакын санаалаш эже-сиңдилер чогулуп отуруп калдык. Ар кимибиз ар кайсы кептин башын чубап отуруп, үй бүлөлүк жашоо, тиричилик деген темага кирип кеттик. Арабызда татынакай, ак жуумал келген Кымбат деген келин отурду. Баарыбыз шаңдуу отурсак, ошол келиндин жүзүнөн кубаныч көрө албай койдум, акырын жаныма чакырып, өзүмө тартып сөз баштадым.
“Аябай сулуу кыз экенсиң, канча жаштасың, эмне менен алексиң?” деген суроолорду биринин аркасынан бирин узата бердим. Кыска нуска жооп берип, сүйлөшүүдөн качкысы келди, ага карабай эле “муң толгон жүрөгүңдү бошотчу, кел, бүгүн мага баарын айтып жеңилдеп алчы” — дедим… Сүйлөгүсү келбеген Кымбат, мени бир топко карап, көзүнөн жашы тамып кетти. Акырын байкатпай кучактап, элден оолак жерге алып барып, бекем кучактап койсом шолоктоп боздоп жиберди.
“Эже, турмуштан безип кетким келди, өзүмө өзүм жакпай, жанымдагы балдарымды да жээрип, жан дүйнөмдөгү бороон менен согушуп келе жатам” деп кепти баштады.
“Ал аз келгенсип, “сен кыз эле тууй бересиң” деген кайынжуртумдун сөзүнөн тажап кеттим, жолдошум экөөбүздүн мамилебиз ит менен мышыктай болуп, бири- бирибизди көргүбүз келбейт. Үч кызымды каякка алып барарымды билбей, барсам да батпасымды сезип, эзилип бүттүм. Өзүмдүн бир эле агам бар, аныкына кетип калайын дейм, жеңем жолдошумдан жаман неме, мээни жеп кечке сүйлөйт, айла жок кайынжурттун келекесине чыдап жүрөм. Үйдө баары эле бар, бирок сүйүү, тынчтык болбосо жаман экен, ошол аялга чоң азап берет тура… Кээде баарын таштап басып кетким келет, айла жоктон эле үнүмдү чыгарбай жашап жүрөм. Эже, мен азыр мурунку өзүмдү таппай калдым, канткенде кайрадан күлүп, балдарыма бакыт бере алам… Бирок, балдарымды эмес, өзүмдү оңдогонго дараметим жетпей калды окшойт, аны күйөөм да айта берип кулагыма куюп бүттү. Бул жерге да тиги курбум жетелеп келбесе эч жакка чыккым жок, айла жок өзүмдү эптеп сүйрөп келдим” деп көзүндөгү жашын аарчып Кымбат муңайым карап, жалооруй тиктеди…Акырын башынан сылап, кучагыма бекем кысып, жаркыраган жашоо алдыда экенин айтып, бул күндөр да өтөөрүнө ишендирдим. Мындай жолугушууларга көп-көптөн чыгарып, кайгы толгон жүрөгүн акырындап бошотуп жаттык, башында калп жылмайып жүргөн Кымбат эми чын дилинен күлгөнгө үйрөндү. Бул менин эң биринчи жеңишим эле..!
Кийинчерээк, экөөбүз эже-сиңди болуп өзүнчө жолугуп, анын үйүнө бара баштадым. Катылып жаткан кооз кийимдерин чыгарып, аны кийгизип, кыздарын кошо ала чыгып шаардагы ресторандарга алып барып көңүлүн алып жаттым. Аны байкаган жолдошу кызганып, Кымбатты издеп, менден алыстатканга аракет кылды. Бирок мен дагы көк беттигиме салып, баштаган ишимди аягына чыгарууну чечтим. Бир күнү жолдошун кошо чакырып, Кымбаттын артыкчылыктарын, анын сулуулугун баса белгилеп, мындай келиндерди сүйүү менен дарыласа болоорун айттым. Эгер аялыңды сүйбөсөң, анда күң кылбай эле коё бериш керек десем “Мен Кымбатты коё бербейм, аны мен сүйүп алгам” десе жаныбызда отурган Кымбаттын көздөрү жайнай түштү. Ортоңордогу сүйүүнү бапестеп баксаңар эле баары жакшы болот, анан эркек балалуу болуу — аялдан эмес, эркектен экенин унутпа” деп кыстырып кеттим.
“Аманатым деп алган аялыңды эч кимге, жада калса өз энеңе да кор кылба” деп акырын басып кеттим. Андан кийин көп жолу Кымбаттын үйүнө бардым, ал азыр өзүн баалаганды, бактылуу эне гана балдарын да, жолдошун да бактылуу кыла аларын түшүнүп, өзү да издеген бакытын тапты.
Ошондуктан, ар бир аял — эң биринчи кезекте өзүнүн кайталангыс асыл жан экенин түшүнүшү керек.
Анан дагы аялга аял душман эмес, тескерисинче коломто, тирек болушубуз керек.
Эң акырында айтаар сөзүм, гүл дагы жумшак топуракта өсөт, эгер барган жери катуу болсо, миң бүрдөгөн, данектүү гүл болсо дагы ал соолуйт. Аял — эркектин күзгүсү, кандай карасаңыз ошондой көрүнөт.
Гүлдөр соолубасын! Аялдар жашасын!
Автор: Асель Жаныбекова
Бул макала «Kadam-media.kg» маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.

