Мексикада фургон жардан кулап, 12 адам набыт болду


Мексиканын түндүгүндө фургон жардан кулап, 12 адам каза болуп, төртөө жарадар болгон, кырсыктын кесепетинен токой өртү да чыккан. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык Нуэво-Леон штатындагы Сантьягонун аймагында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, фургондун тормозу иштебей калып, ал жолдон чыгып, болжол менен 100 метр бийиктиктен кулап, андан соң фургон толугу менен күйүп кеткен.

Окуя болгон учурда фургондун ичинде 16 жүргүнчү болгон.

Жабырлануучуларды эвакуациялоо жана каза болгондордун сөөгүн алып чыгуу үчүн атайын куткаруу тик учагы тартылган.

Фургондогу өрт 2,3 гектар аянтка жайылган токой өртүн тутантып, өрт тез арада көзөмөлгө алынган.