Бүгүн, 25-мартта Баткен шаарында “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек” аттуу облустук деңгээлдеги форум болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган форум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028- жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын” жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планынын негизинде уюштурулган.
Форумдун негизги максаты- өсүп келе жаткан муундарга туура маалымат берүү, тарбиялоо жана аларды окууга, өнүктүрүүгө жана талыкпай иштөөгө чакыруу, аларга өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана ийгиликтүү максаттарга жетүү үчүн шыктандырып, насаатчы боло ала турган ийгиликтүү адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүү.
Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов, ошондой эле Баткен облусундагы 500гө жакын облус аймагындагы мектеп окуучулары катышты.
Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, белгилүү спортчулар жана маданият кызматкерлери өздөрүнүн жетишкендиктери менен бөлүшүп, ийгиликке жетүү жолдору тууралуу пикир алышып, турмушта өзүнө ишенүүнүн маанисин жана терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектигин белгилешти.
Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө, форумдун маанисин жана анын жаштарга болгон таасирин белгилеп, форумдун максатына жетүүгө салым кошкон бардык катышуучуларга ИИМдин жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдирди.
Иш-чарада конокторго укук бузууларды алдын алуу боюнча кыска метраждуу тасмалар жана бир катар интерактивдүү оюндар уюштурулуп, сахналаштырылган чыгармалар коюлду.
Иш-чаранын жыйынтыгында форумдун катышуучуларына жана конокторуна ыраазычылык билдирилип, сыйлыктар тапшырылды.
Жаштар форуму флешмоб менен жыйынтыкталып, катышуучулар өздөрүнүн коомдук көз караштарын жана укук бузууларды алдын алуу боюнча маанилүү билдирүүлөрүн коомго жеткиришти.
Белгилей кетсек, форум «Борбордук Азиядагы зордук-зомбулук экстремизминин алдын алуу» долбоорунун алкагында Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен өткөрүлдү.