27-мартка карата аба ырайы


Бүгүн күндүз республиканын дыйканчылык аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Нарын облустарында 7…12, Таласта 3…8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 6…11, Ысык-Көл жергесинде 10…15 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 9…11, Ош шаарында 8…10 градусту көрсөтөт.