Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүндө 100 гектар жерге 40миң көчөт отургузулуп жатат. Бүгүн, 31-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бак тигилип жаткан аймакка барды. Жайыт жерди токойго айлантуу максатында мында жаңгак, өрүк, бадам,сосна көчөттөрү олтургузулду.

Тигилген көчөттөрдүн толук жетилиши үчүн 100 гектар жер толугу менен тосмолонгон. Жайыт жер болгондуктан суугарууда көйгөй жаралышы тууралуу Камчыбек Ташимевге маалымат берилди. Маселе жеринде чечилип, үч ай аралыгында тамчылатып суугаруу системасын жолго коюу тапшырмасы берилди, ага жалпы 37млн сом каражат жумшалат жана анын булактары да такталды.
Көчөттөр отургузулуп бүткөндөн кийин 100 гектар жер толугу менен Кара-Алма токой чарбасына өткөрүлүп берилет. УКМК төрагасы тарабынан көчөттөрдүн толук көктөшүн өзгөчө көзөмөлгө алуу жергиликтүү токой чарба кызматкерлерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө милдеттендирилди.
Көчөт отургузуу ишине колдоо ирээтинде бугун УКМКнын Жалал-Абад облусту кБашкы башкармалыгынын өздүк курамы да тартылды.
Камчыбек Ташиев өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмалардын алкагында, «Жашыл мурас» программасын толугу менен ишке ашыруу зарылдыгына токтолду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы өткөн 2024-жылы 1650 гектар жерге көчөт тиккен. Ал эми 2025-жылы 2500 гектар жерге көчөт отургуузу пландалган. «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында жайыт жерлерди токойго айлантуу, ошол эле учурда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу максатында ишке ашып жатат.

