Коом

Өкмөт: матрезервде ундун кору жетиштүү

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бүгүнкү күнгө карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жалпысынан биринчи сорттогу 2881,7 тонна ун бөлүнүп, өлкө аймактарындагы калктын аярлуу катмарына таратылууда.

Өкмөт ишендиргендей, мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудай жана ундун кору жетиштүү көлөмдө.

Жардам атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин  негизинде жардамга чындыгында муктаж болгон калктын аярлуу катмарына таратылып жатат.

Жалпысынан Ош облусуна 831,85 тонна,  Жалал-Абад облусуна – 891,85 тонна, Баткен облусуна – 117,2 тонна,  Ысык-Көл облусуна – 267,6 тонна, Нарын облусуна – 186,5 тонна, Чүй облусуна – 136,4 тонна ун бөлүндү.

Мындан сырткары Ош, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларына жалпысы болуп 500 тоннага жакын ун таратылып берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button