Үч киши бирөөнү сабап, бычактап кетти деген видео тарады


Бишкекте үч киши бирөөнү сабап, бычактаган видео тарады. Окуя 31-мартта Новопавловка айылындагы «Халва» кафесинин короосунда болгону кабарланууда.

Видеодон үч киши бирөөнү сабап, арачалагандарга баш бербей коюшканын көрүүгө болот.

Милиция маалымат такталып жатканын кабарлады.