Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат


4-апрелде кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттары убактылуу жабылат.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, мындай чечим кытай тараптып демилгеси менен Кытайда «Цинмин» майрамын майрамдоого байланыштуу кабыл алынды.

Чек ара пункттары 5-апрелде ачылып, адамдар жана жүктөр өткөрүлө баштайт.