Коом

Таравих намазы кайда окулары айтылды

Рамазан айында таравих намазы үйдөн окулат. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүнкү видеокайрылуусунда айтты.

«Өзгөчө абал режими чейин таравих намазы үйдө окулат. Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам орозо кармагандар ооз ачууну да үйдөн кылышат”, — деди муфтий.

Быйыл Рамазан айынын болжолдуу датасы 24-апрелде башталары айтылууда. Ушул аптада уламалар кеңеши онлайн жыйынга чогулуп, так датасын аныкташары буга чейин айтылган.

Кыргызстанда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button