Коом

Ат-Башы: айылдар асмандан дезинфекцияланат

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, эртең, 21-апрелде Ат-Башы районунун айылдарын дельталёт менен учуп дезинфекциялашат. Буга райондо коронавирустун тездик менен жайылып кеткени себеп болууда.

Учурда облустун бардык айылдарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын облусунда коронавирусту жуктуруп алуунун 68 учуру катталган. Анын көпчүлүгү Ат-Башы районунун тургундары.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button