УКМК: Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


КР УКМК жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштерди улантууда.
Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну 1999-жылдан бери Ак-Дөбө айыл башкармалыгынын балансында турган 14 га жер участогун мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды.


Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээси жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экендигин түшүнүп, 14 га жерди Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын балансына ыктыярдуу негизде кайтарып берди.