Коом

Акрам Мадумаров Баткен облусундагы жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Баткен облусуна иш сапарынын алкагында кечээ мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуя учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылган аскер кызматкерлеринен кабар алды.

Вице-премьер-министрге жапа чеккендердин саламаттыгы тууралуу айтып беришти.

Акрам Мадумаров аскерлерге сакайып, күч-кубатын калыбына келтирүүнү каалап өттү, ошону менен бирге аларга мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Иш сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен аймактагы кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына коопсуздук чараларын, чектеш айылдардагы чыңалууну четтетүү боюнча чаралардын топтомун көрүү жана коомдук тартипти сактоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Мындан тышкары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун мындан аркы ишмердүүлүгүнө тийиштүү тапшырмалар милдеттендирилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button